Жыл башынан бери Аскер прокуратурасы тарабынан коррупция боюнча 33 кылмыш иши козголгон

Жыл башынан бери Аскер прокуратурасы тарабынан коррупция боюнча 33 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20 иш Коргоо министрлигинин кызмат адамдарына козголсо, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 6, Чек ара кызматында 5, Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабында 1, Жаза аткаруу кызматында 1 кылмыш иши козголгон. 

Коррупциялык иш-аракеттерден улам мамлекетке 7 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген. Ошондой эле 76 адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Adako
2015-07-16 19:23:10
Иш козголуп, бирок белгисиз себептерге байланыштуу кыскарып кеткени канча болду экен а? Же жок дегенде ошол 33 иш боюнча куноокорлор оз жазасын алышты бекен...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан