Бишкек шаарында кымбат баалуу унаанын ичинен акча уурдаган жаран кармалды

Бишкек шаарында кымбат баалуу унаанын ичинен акча уурдаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13-июль күнү милиция кызматкерлерине 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адам Жибек-Жолу жана Алматы көчөлөрүнүн кесилишинде токтоп турган Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 200 доллар акчасын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 40 жаштагы Ч.Александр кармалган. Тергөөдө анын ушул сыяктуу башка дагы фактыларга тиешеси бар экени аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kuba1
2015-07-16 11:16:45
ХХХ ХХХ
0
admin_portal
2015-07-16 11:24:42
kuba1 - эскертүү!
Кемсинтип, мазактаган сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
0
nurzada78
2015-07-16 16:59:51
Орус экен жан кудай деп,Россияга келип иштебейби десен,бироону тоногончо!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан