Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев “2015-жылдын 17-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы, 1-бөлүмчөсү жөнүндө” гранттык макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамга кол койду.
Документ Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.
Мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына кабарлоо милдети тапшырылды.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.