Чүй облусунун тургуну зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине 24 жаштагы Ж.А. кайрылган. Анда ал 12-июль күнү Ак-Өргөө конушунан чала тааныш адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.