Кызыл-Арт суусунун деңгээли көтөрүлүп, Ош - Сары-Таш - Кызыл-Арт унаа жолундагы көпүрөнү алып кетүү коркунучун жаратууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Алай районунун Сары-Таш айыл аймагында ысык аба ырайынын кесепетинен Кызыл-Арт дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, үстүнө төгүлгөн шагылды алып кеткен. Бул көпүрө Транспорт жана коммуникация министрлигинин карамагында, учурда унаалар көпүрөдөн сууну жиреп өтүшүүдө. Азыркы учурда 1 жүктөгүч, 1 самосвал тартылып, көпүрөнүн үстүн калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жатат.