Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Орозо айт майрамы менен куттуктады. Өлкө башчы куттуктоосунда буларды айтты:
"Урматтуу мекендештер! Өлкөбүздүн кадырлуу мусулмандары!
Баарыңыздарды ыйык Орозо айынын аякташы жана көптөн күткөн Айт майрамы менен куттуктайм!
Орозо айы – руханий тазаланууга, пейилди оңдоп, жакшылык жасоого умтулуу. Көңүлдөгү таарынычтарды кечип, сабырдуулукка жана кайрымдуулукка чакыруу. Элдин биримдигин, ынтымагын жана жергебиздеги тынчтыкты баарынан жогору тутуу.
Нечен кылымдап калыптанган ислам дининдеги мына ушул руханий дөөлөт адам баласын ар дайым алдыга, жакшылыкка жетелеп, жаш муунду туура жолго чакырып турат.
Адамзаттын мына ошол мыкты дөөлөттөрү мамлекетибизди улам жаңы бийиктикке көтөрүүгө өбөлгө түзсүн. Ылайым ыйык Орозо айында сиздер ниет кылган жакшы тилектердин баары кабыл болсун! Орозо айт ар бир үй-бүлөгө жакшылык, кубаныч алып келсин. Жерибизге тынчтык, элибизге ынтымак жана биримдик берсин!
Айтыңыздар маарек болсун!"