Барак Обама баштаган бир катар президенттер Алмазбек Атамбаевди Орозо айт майрамы менен куттукташты

Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаевди бир катар өлкөлөрдүн президенттери Орозо айт майрамы менен куттукташты. Куттуктоо жөнөткөндөрдүн катарын АКШнын президенти Барак Обама, Ирандын президенти Хасан Роухани, Ооганстандын президенти Мохаммад Ашраф Гани, Улуу Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон толуктады. "Орозо айт майрамыңыз менен! Орозо айт майрамында сизге, сиздин үй-бүлөңүзгө жана Кыргыз Республикасынын элине бакыт жана тынчтык каалайм",- деп билдирет Кэмерон. 

Барак Обама: “Америка эли Мишель экөөбүздүн сизге жана өлкөңүздүн элине карата жакшы каалоолорубузга  кошулушат. Орозо айында дүйнө мусулмандары, анын ичинде ынтымактуу жана динамикалуу мусулман коомчулугу руханий жактан тазаланып жана тобо келтирүү аркылуу жаратканга кайрылышат. Бул майрамда жакын адамдар менен чогуу болуп, кедей-кембагалдарга соопчулук иштерди жасап, диндин касиети аркылуу кеменгерлик, сабырдуулук туурасында ой калчашат. Ошол эле учурда Орозо айттагы орозо тутуу, куран окуу биздин дөөлөттөрүбүздүн жана адамгерчилик сапаттарыбыздын жалпылыгын эске салып турат.

Ушул жыл сизге кубаныч, гүлдөп өнүгүү жана бакубатчылык алып келсин",- деп билдирди.

 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан