Аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу Ала-Арча суусу өз нугунан чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 16-июлда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, суунун жээктен ашып кетүүсү “Ала-Арча” улуттук багынын аймагында байкалган.
Суу каптачу объектилерге административдик жана маданий-тиричилик турак жайлары, жайкы коттедждер, унаа жолдору жана коммуникациялар кирет.
Министрлик калктын коопсуздугун сактоо максатында эс алып жүргөндөргө жана туристтерге Ала-Арча суусу өткөн жерлерден алыс болууну эскертет.