Аба ырайынын кескин жогорулашынан улам 1-июлдан 10-июлга чейин Бишкек шаарында 52 өрт кырсыгы катталган. Анын ичинен 38 өрт кырсыгында кураган чөп, таштандылар күйгөн. Кырсыктар тамеки тартуудагы жана отко болгон этиятсыздык мамиледен келип чыгууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык Өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттүн алдын алуу бөлүмүнүн инспектору, улук лейтенант Т.Өмүрбаевге шилтеме берүү менен ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми 6 ай ичинде борбор калаада 347 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген чыгым 21 140 879 сомду түзгөн. 2014-жылга салыштырмалуу 7,2 пайызга азайган. Өрт кырсыгынан 4 адам каза болуп, 1 адам күйүк алган.