
* Мындан 40 жыл мурун, 1975-жылы кикбоксчу
Мирбек Сүйүнбаев Кара-Буура районунун Бакайыр айылында туулган. Кесиби боюнча экономист, юрист. КРнын Эл аралык спорт чебери Мирбек Сүйүнбаев - кикбоксинг боюнча профессионалдар арасында Дүйнө чемпиону (Москва-1997), Дүйнө Кубогунун ээси (Венгрия-2000), кикбокс сүйүүчүлөр арасында Дүйнө чемпиону (Париж-2003).
* Мындан 3 жыл мурун, 2012-жылы Ала-Бука районундагы Көк-Таш айыл өкмөтүнүн Булак-Башы айылында кыргыз-өзбек чек арачылары ок атышып, кыргызстандык чек арачы Кадырбек Абдырасул уулу каза болгон. Маалыматтарда биринчи болуп өзбек тараптын ок чыгарганы айтылган. Булак-Башы айылы менен Көк-Таш айылын байланыштырган жолдун курулуш иштери башталганда Өзбекстан чек арачылары тоскоолдук жаратышкан. Буга так аныкталбаган чек ара маселеси себеп болгон.

* Мындан 61 жыл мурун, 1954-жылы Германия тарыхындагы биринчи аял канцлер, "Дыйкандардын демократиялык союзу" партиясынын лидери
Ангела Меркель Гамбургда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Лейпциг университетинин физика факультетин аяктап, ГДР Илимдер академиясынын Физикалык химия институтунда эмгектенген. Окуучу кезинде мектеп олимпиадаларында орус тили боюнча башкы орунду жеңип алып, Орусияга жолдомого татыктуу болгон. Орус тилинде эркин сүйлөгөн. "Путин менен жолукканда орусча сүйлөшсөм дейм, бирок ал да мени менен эмнегедир немец тилинде маектешкиси келет" дегени бар. Саясий карьерасында Гельмут Колдун жардамы чоң болгон.

* Мындан 60 жыл мурун, 1955-жылы дүйнөдөгү эң чоң жана эң кооз сейил бак - Диснейленд АКШнын Калифорния штатындагы Анахайм шаарында белгилүү мультипликатор
Уолтер Элайас Дисней тарабынан ачылган. Анын аянты 34,4 гектарды түзүп, ал өзүнө 55 түрдүү аттракциондорду камтыган. Диснейлендден Уолт Диснейдин "Микки Маус", "Бэмби", "Күлчү", "Питер Пэн", "Русалка" жана башка мультфильмдеринин каармандарын жолуктурууга мүмкүн болгон.