17-июлда өлкөдө түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +38°C, түнкүсүн +25°C
Талас облусу. Күндүз +37°C, түнкүсүн +22°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +38°C, түнкүсүн +26°C
Баткен облусу. Күндүз +38°C, түнкүсүн +25°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +35°C, түнкүсүн +15°C
Нарын облусу. Күндүз +36°C, түнкүсүн +17°C
Бишкек шаары. Күндүз +38°C, түнкүсүн +25°C