Нарын. Курман болгон милиция кызматкерлерин эскерүү максатында унаажүрүш өткөрүлдү
Нарында кыргыз
милициясынын түзүлгөндүгүнүн 88 жылдык мааракесин майрамдоонун урматына жана
кызматтык милдетин аткаруу учурунда куралдуу кылмышкердин колунан курман болгон
кызматкерлерди эскерүүгө, ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу РИИБинин башчысы,
милициянын полковниги Султанов Адилбек Карабаевичке арналган унаажүрүш
өткөрүлдү.
Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынын билдиргенине
караганда, унаажүрүш 2012-жылдын 20-октябрь күнү Кочкор РИИБинен
башталып, милициянын генерал-майору
Жоломан
Шаршембиев баштаган
ардагерлер Адилбек Султановду эскерүү тактасын коюшуп, кызматтык милдетин аткаруу
учурунда курман болгон башка кызматкерлерди да эскеришти. Эске салсак, милициянын полковниги Султанов Адилбек
Карабаевичти
2010-жылдын 13-июнь күнү республиканын түштүгүндө болуп
жаткан массалык баш аламандык учурунда Ош облусундагы Кара-Суу районунун Нариман
айылынын аймагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кызматтык милдетин
аткарып жүргөнүндө белгисиз адамдар бир нече ирет денесине бычак сайып, мыкаачылык менен өлтүрүп, өрттөп жиберишкен. Ал 1967-жылдын 2-августунда Ош облусунун Кара-Суу районунун Каратай
айылында туулган.
Ички иштер органдарындагы кызматын 1989-жылы июнь айында
Томск облусунун Бакчар райондук ички иштер бөлүмүндө баштаган.
Андан соң ички иштер органдарынын ыкчам-жетекчилик
курамынын ар кандай кызматтарында эмгектенген.