УКМКнын кызматкерлери Бишкекте жардырууну уюштуруп жаткан топтун өкүлдөрүн кармоо боюнча атайын операция жүргүзүштү. Анда 5 адам кармалып, 4 адам өлтүрүлгөн.
Атышуудан кийин кармалгандардын арасында издөөдө жүргөн казакстандык кылмышкер
Жанболот Амиров да бар экени айтылууда. Кармалгандар боюнча толук маалыматты УКМК эртең маалымдаарын
Рахат Сулайманов билдирди.
Казакстандык 27 жаштагы
Жанболот Амиров "чек арадан
мыйзамсыз өтүү" жана "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды,
бланкаларды жасалма жол менен даярдоо" беренелери менен Чүй облустук
соту тарабынан 3 жылга кесилгени маалымдалган эле. Ал өнөктөшү 24 жаштагы
Альберт Абхин менен жатак-абакка барбай койгону үчүн
аларга издөө жарыяланган.