Абдразак Шаршенов Кыргызстандын дзюдо курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Мындай чечим Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин 26-февралдагы коллегиялык жыйынында кабыл алынды. Шаршенов кыргыз дзюдочуларын Дүйнөлүк олимпиада башталганга чейин машыктырмакчы. Айта кетсек, былтыр "Лондон-2012" Дүйнөлүк олимпиада оюндары аяктагандан соң КРнын дзюдо курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Сергей Мистрюков өз ыктыяры менен кызматтан кеткен.