16-июлда Мамлекеттик бажы кызматынын жумушчу коллегиясынын жыйыны өттү. Коллегиялык жыйындын жүрүшүндө Бажы кызматынын жетекчилери 2015-жылдын алгачкы 6 айында аткарылган жумуш жана чогултулган бажы төлөмдөрү боюнча маалымат беришти. Тиешелүү жетекчилердин маалыматын уккан премьер-министр Темир Сариев берилген отчётто терең анализдин жок экенин сынга алды.
“Бажы кызматынын жетекчилиги кийинки жылы 6 миллиард сом түшпөй калуу тобокелчилиги бар экенин айтканы менен, ага каршы чаралар иштелип чыккан эмес. Бул жаатта терең анализ керек. Аткезчиликти азайтуу боюнча чаралар каралган эмес. Мындан сырткары “Манас” бажыканасы гана планды 107 пайызга аткарып, калгандары аткара алышкан эмес. Мунун себебин талдап, тиешелүү чаралар көрүлүшү зарыл”,- деди Темир Сариев.
Сариев бажы төлөмдөрүн чогултуу планынын көлөмүн көбөйтүү зарылдыгын белгилеп, Бажы кызматынын жетекчилигине тагылган милдеттерди кайрадан карап чыгуу тапшырмасын берди. Ошондой эле бажы өткөрмө пункттарында турган кызматкерлердин жүрүш-турушуна өзгөчө маани берип, өлкөгө кирген туристтерге мамилени оңдоого чакырды.
“Бизде эл аралык темир жол түйүнү, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок. Ошондуктан башка өлкөдөн келгендерди түзүлгөн ыңгайлуу шарт жана жакшы мамиле менен өзүбүзгө тартуу зарыл. Өлкөгө кирген бажы постторунда башка өлкө жарандарын негисиз кармап, орой мамиле кылган кызматкерлердин жоопкерчилигин дароо кароо керек”,- деди Темир Сариев.
Муну менен катар өкмөт башчысы Бажы кызматына талап күчөй берерин эскертип, мындай шартта жаңыча иштөө зарылдыгын билдирди.
Коллегиялык жыйын жүрүшүндө өз ишин толук кандуу аткарбаганы үчүн Чыгыш бажысынын башчысынын орун басары Камчыбек Кайыповго, Батыш бажысынын башчысы Нурлан Момбековго, Темир жол бажысынын башчысынын орун басары Сабырбек уулу Султанга сөгүш, ал эми Чыгыш бажысынын башчысы Үсөн Өмүракунов, Борбордук бажынын башчысы Нурбек Айбашев, Борбордук бажынын башчысынын орун басары Сиябек Абдрахмановго эскертүү берилди.