Атышуудан жаракат алган "Альфанын" атайын даярдыктагы 1 жоокеринин абалы өтө оор. Бул тууралуу
SUPER.KG порталына УКМКнын басма сөз кызматынан 17-июлда кабарлашты.
Маалым болгондой, жоокерге 16-июль күнү кечинде операция жасалды. Калган 3 жоокердин абалы жакшы экени айтылды.
Эскерте кетсек, Бишкектин Горький-Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде атышуу болуп, 5 согушкер жок кылынып, 4 согушкер кармалган. Алар менен кармашкан "Альфанын" атайын даярдыктагы 4 жоокери жаракат алып, ооруканага жеткирилген.