Күч органдары тарабынан ур-токмокко алынган милициянын отставкадагы полковниги Абдували Акжолов дарылануусу бүтө электе №1-СИЗОго отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда SUPER.KG порталына полковниктин жактоочусу Авас Мамбетакунов билдирди. Анын айтымында, кечээ жумуш убактысы бүткөн маалда, саат 19:30да КРнын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматынын тергөөчүсү Келдибек Абдраимов дарыгерге басым жасап, бейтапты ооруканадан чыгаруу кагазын алган.
“Алып кетип СИЗОго кайрылса, алар албай коюшкан. Анан тергөөчү өзүнүн иштеген жерине алып келген. Саат 19:30дан болжол менен 00:00гө чейин Акжоловго кайра кысым көрсөтүшкөн. Балким, полковник сабалды, биз аны текшеребиз. Анан түн ичинде жетекчиликтин басымы менен №1-СИЗОго киргизишкен. Биз арыз менен милицияга кайрылдык, учурда тиешелүү адамдардан түшүнүк кат алынды. Айта кетсем, Акжоловго дагы эки операция жасалмак болчу. Бүгүн майрамга байланыштуу мен СИЗОго кире алган жокмун”,- деди жактоочу.