26-февралдагы ЖКнын Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында «КРнын Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анда аталган долбоорду ЖКнын кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Демилгечилердин айтымында, сунушталып жаткан мыйзам долбоору өлкөлөр ортосундагы алакаларды жакшыртууга жана издөө салынган адамдарды экстрадициялоо чаралары ыраатташтырууга багытталган. Талкууда депутат Элмира Жумалиева: "Эл аралык деңгээлде издөө салынган адамдарды Кыргызстандын аймагында кармоонун же анын тескерисинче Кыргызстандын укук коргоо органдары издеген адамдын чет өлкөдө кармалышынын укуктук негиздери азырынча ачык бойдон калууда", - деди.