ӨКМ 26-февралдан 28-февралга чейин тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү мүмкүн экендигин эскертет
26-февралдан 28-февралга чейин Кыргызстандын тоолуу райондорунда,
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137, 198-265-чакырымдарында, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90, 145-150-чакырымдарында,
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 62-100-чакырымында
кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады. Буга байланыштуу аталган унаа жолдордо жүргөн айдоочуларга унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактап жол жүрүүнү эскертет министрлик.