Сот чуулгандуу "Дрыщты" үй камагына коё берди

Бишкектин Биринчи Май райондук соту айдоочудан 5000 сом талап кылуу окуясынын катышуучуларынын бири, социалдык түйүндөрдө "Дрыщ" аталып, чуу жараткан Адилет Жунусовду үй камагына чыгаруу чечимин кабыл алды. Башкы прокуратуранын билдиришинче, 16-июлда аталган жаранды камакта кармоо өтүнүчү Биринчи Май райондук сотуна киргизилген. 
"Мындан тышкары анын Бишкекте туруктуу жашаган жеринин жоктугу аныкталган. Анын эркиндикте жүрүшү кылмыш ишин объективдүү иликтөөгө таасир этиши, арыздануучу тарапка кысым көрсөтүшү мүмкүндүгү айтылган. Бирок райондук сот айыптоочу тараптын дооматын эске албай, баш коргоо чарасын үй камагы деп тандоо менен аны камактан бошотту",- деп билдирет прокуратура.

А.Жунусов 15-июлда кармалып, убактылуу камакка алынган эле. 

Эскерте кетсек, июнь айынын аягында интернетке МАИ кызматкерлеринин жарандык активисттерден акча талап кылып жатышканы тартылган видео тараган. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, натыйжада тасмадагы 2 жол-кайгуул кызматкери жана аларга көмөктөшкөн бир жаран (Жол-кайгуул кызматынын штаттан сырткаркы кызматкери экени айтылган) кармалып, аларга кылмыш иши ачылган. Жол-кайгуул кызматкерлери “опузалап пара талап кылуу”, “кызмат абалынан пайдалануу” беренелери боюнча айыпталышууда. Ал эми "Дрыщ" жана штаттан сырткаркы кызматкер “ээн баштык” беренеси боюнча суракка алынууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (30)
bermet104
2015-07-17 15:34:03
Айтпадым беле...
+2
Sake80
2015-07-17 15:44:00
Эми эртен кече кармалган терорчуларды да куноосу жок деп актап чыгарып ийсин.Ал дрыщты канча милиция мээнет кылып кармаса.Кичине акча алып соттор бошотуп ийе берсин.
+6
Decmond
2015-07-17 15:45:45
Уйу жок болсо кайсы уйго камадынар, же жаны алып бердинерби?
+11
Danel
2015-07-17 15:52:19
Аркасында чоон эле гигганттай эле кырышасы бар экенда корсо!
+3
EdikoKG
2015-07-17 16:29:23
Биздин соттордон адилет чечим кутпой эле койуу керек болуп калды. Эхх! Дрыщ эртен болбосо да,бир куну чыгат оолугуп.
+3
Aramisa
2015-07-17 16:46:46
EdikoKG, kaigyrbanyz Nuratov....
+1
jeka85
2015-07-17 16:50:45
бул жерде жазылып туратко так жашаган жери жок деп,анда кайдагы уй камагына чыгарат дагы.ушул адамдарга катуу чара колдонбосо бул корунушта кунумдук болуп калат.
+2
Sake80
2015-07-17 17:18:26
Молодец ь
биздин соттор.Булар болбогондо кыргызстандын торттон бири зек болуп кетмек.Булар бар кудага шугур кармалгандардын баарын куноосуз кылып бошотуп жатышат.Просто адашып кармап алып атышатда
+2
Mamat_ele
2015-07-17 18:12:58
Сотту жумуштан кетируу керек !
+1
Adako
2015-07-17 18:37:39
Дрыщты кармап бир жакшылап жазалап, башкаларга улгу кылсын десек аябай сонун улгу кылып жатышатко биздин соттор. Уй камагына чыгарып, кызык туруктуу жашаган жери жок болсо, эми кайсы уйдо камакта болмок эле. Аман эле болгулачы биздин ушундай соттор, Жазык-процессуалдык кодексин ото жакшы тушунгон....
+2
Marat-m
2015-07-17 19:15:59
Кыргызстанда акчан болсо кандай жаман иш жасан да кутулууга болот экен дааа
+1
Erka_kg
2015-07-17 19:58:26
Ээ кичинекей Кыргызстаныбызда эмне деген гана окуялар болуп атат.эмнеге ушунча издеп эми кайра коюп жиберди? акыйкат деген нерсе барбы озу бизде??? Ылайым чондорубузга ыйман берсин
+1
boston___
2015-07-17 20:47:18
Мындайкен издебейле койбоптур
+2
Jyrgal8
2015-07-18 04:26:32
Dryshtyn jashagan jeri jok bolso, mingen unaasy appapakai mers bolso, ishtegen ishi shtattan syrtkary ol bolso, kylgan kunoosu chonsunup biroonu kempsintip anantip jatsa Sottorgo kol chabuu ui kamagyna chygargan
0
kanat_kyrgyz
2015-07-18 09:02:38
Кыргызстанды уят кылып атат соттор. Батукаев жана башка крим тоболдорду моонотунон мурун бошотушту. Эми 5мин сом талап кылган бейбаштыда койо беришти. Уят, калыс мамиле кылышса болбойбу тоок урдап камакта жаткандар канча
+1
zamir_kgz
2015-07-19 14:28:28
Туруктуу эмес болсо, уй камагына да туруктуу эмес жерге чыгарылган болобу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан