
* Мындан 56 жыл мурун, 1959-жылы экс-акыйкатчы
Турсунбек Акун Нарын өрөөнүндөгү мурдагы "Калинин" колхозунда туулган. Айыл чарба институтун ветеринар, ал эми КУУну юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун эт комбинатта тери иштетүү бөлүмүндө баштаган. 1992-жылы Кыргызстан укук коргоо кыймылын негиздеген. 2008-жылы өлкөнүн акыйкатчысы болуп шайланып, ант берген. 2013-жылы январь айында Жогорку Кеңеште депутаттардын көпчүлүк добушун алуу менен Турсунбек Акун КРнын Акыйкатчысы болуп кайрадан шайланган. Ал эми 2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду өз антын бузгандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу токтом кабыл алган.

* Мындан 2 жыл мурун, 2013-жылы Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух-Ордо" маданий борборунда Эл аралык "Мейкин Азия" фестивалы расмий түрдө ачылган. 3 күнгө созулган музыкалык майрамга 17 мамлекеттен 25 катышуучу келген. Баш байге ээси болуп казакстандык
Димаш Кудайбергенов табылса, 1-орунду украиналык ырчы
Владислав Левицкий, 2-орунду кыргыз ырчылары
Ислам Акматов, Курал Чокоев жана тажикстандык
Сабина Шамсэд алган. 3-орунга орусиялык
Христина Дорошенко, кыргызстандык
Адилет Азим уулу, кытай ырчысы
Ли Чжентао, армениялык
Ани Оганесян ээ болушкан.

* Мындан 97 жыл мурун, 1918-жылы Түштүк Африканын мурунку президенти
Нельсон Мандела туулган. Нельсон Мандела актар менен каралардын бирдей укуктары үчүн күрөшкөндүгү үчүн кезинде 26 жыл түрмөдө отуруп чыккан. Адам укуктары үчүн аёосуз күрөшкөндүгүнө байланыштуу 1993-жылы "Нобель" сыйлыгы тапшырылган. 1994-жылы 10-майда Түштүк Африканын 8-президенти болуп шайланып, бул кызматты 1999-жылдын 14-июнуна дейре ээлеген. Нельсон Мандела 2013-жылы 5-декабрда 95 жашында дүйнө салган.

* Мындан 48 жыл мурун, 1967-жылы америкалык актёр, сценарист, режиссёр, продюсер
Вин Дизель АКШнын Нью-Йорк шаарындагы Манхэттенде туулган. Вин Дизель 2000-жылдардагы боевик жанрындагы тасмалар аркылуу таанымал болгон. Ал "Чёрная дыра", "Форсаж", "Три икса", "Одиночка", "Хроники Риддика", "Лысый нянька: Спецзадание" тасмаларында негизги ролдорду аткарган.

* Мындан 24 жыл мурун, 1991-жылы мушкер
Майк Тайсонго "Дезире Вашингтонду зордуктады" ("Американын кара сулуусу" сынагынын жеңүүчүсү) деген айып тагылган. Көптөгөн талаш-тартыштар болсо да, сот Тайсонду күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыраткан. Майк Тайсон 3 жылдан кийин акталып чыккан.