Жылнаама, 20-июль: Мындан 1 жыл мурун куудул, пародист Жаныбек Алыкулов 54 жаш курагында каза болгон

* Мындан 63 жыл мурун, 1952-жылы КРнын Эл артисти, актёр Чоро Думанаев Нарын облусунун Миң-Булак деген айылында туулган. Орто мектепти Фрунзе шаарынан бүтүргөн. Чоро Думанаев бала кезинен эле киного аралашып, алгач "Космонавттар көчөсү" деген фильмге тартылган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын алдындагы студияны жана 1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Искусство институтун бүткөн. Ал эми 1975-жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштей баштаган. Ушул жылдардын аралыгында Ч.Думанаев сахнада элүүдөн ашык роль ойноп, кыргыз элине тааныла алган. Чоро Думанаев “Ак илбирстин тукуму”, “Ак кеме”, “Каныбек”, “Отко таазим”, “Кызыл алма”, “Көчө”, “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”, “Чиркин өмүр”, “Президент жана бомж” жана башка тасмаларда роль жараткан.
 
* Мындан 1 жыл мурун, 2014-жылы куудул, пародист Жаныбек Алыкулов 54 жаш курагында оорудан улам дүйнө салган. Ал эми 21-июлда сөөгү Ала-Тоо конушунда жерге берилген. Кыргыз маданиятына салым кошуп, куудул, пародист гана эмес, ырчы катары эл оозуна алынган Жаныбек Алыкулов Аксы районунун Жаңы-Жол айылында 1960-жылы туулган. Ош педагогикалык институтунун орус тили жана адабияты факультетин аяктаган.
* Мындан 98 жыл мурун, 1917-жылы BMW соода маркасы “Rapp Motoren-werke” жана “Gustav Otto Flugmaschinenfabr” компанияларынын биригүүсү менен катталган. Ал эми атактуу эмблемасы арадан 15 жыл өткөндөн кийин гана же өздөрүнүн алгачкы чыгарган автомобилинде пайда болгон. BMW “Bayerische Motoren Werke” же “Бавариянын мотор зоводу” деп чечмеленет. 
Фирма өзүнүн алгачкы иш-аракетин авиациялык кыймылдаткычтарды чыгаруудан баштаган. Ошондон улам эмблемасында төрт бөлүктөн турган канат сымал үч бурчтуктар орун алган. Антсе да аталган компаниянын авиациялык иш-аракети көмүскөдө калып, ааламга өздөрү чыгарган машиналары менен таанылган.
* Мындан 42 жыл мурун, 1973-жылы америкалык жана гонконгдук актёр жана режиссёр, чыгыштын жеке уруш өнөрлөрүнүн чебери Брюс Ли баш оорунун дарысын ичип каза болгон. Врачтар "мээсинде шишик болгондуктан, баш ооруну баса турган дары терс реакция берген" деген тыянак чыгарышкан. Кийин Брюсту шаолинь кечилдеринин сырларын башкаларга сатканы үчүн уу берип өлтүрүшкөнү айтылган.
20-июлда кыргыз өлкөсүндө жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
kirgizstan
2015-07-19 18:54:09
Жаныбек Алыкулов агабыздын отконуно да бир жыл отуптур
+1
friendwipkg
2015-07-19 20:12:16
брюс ли - человек легенда.
0
Jypargul
2015-07-19 21:15:15
Убакыттын өткөнүн .........Жаныбек агабыздын каза болгонуна билинбей эле 1 жыл болуп калыптыр ......
+1
Medina87
2015-07-19 21:15:22
Баары да журт назарындагы инсандар...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан