Кечээ кармалгандар "Ислам
мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер
Жанболот Амиров турганы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Айта кетсек, казакстандык 27 жаштагы Жанболот Амиров "чек арадан мыйзамсыз өтүү" жана "документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, бланкаларды жасалма жол менен даярдоо" беренелери менен Чүй облустук соту тарабынан 3 жылга кесилгени маалымдалган эле. Ал өнөктөшү, 24 жаштагы Альберт Абхин менен жатак-абакка барбай койгону үчүн аларга издөө жарыяланган.