26-февралда айдоочуну токмоктоо кылмышы боюнча айыпталып жаткан Свердлов РИИБинин лейтенанты ишинен бошотулду. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Эске салсак, 21-февралда Сокулук районунун Романовка айылында Тойота унаасындагы 3 адам Ош-Бишкек унаа жолунда бара жаткан Фольксваген унаасын токтотуп, айдоочусун сабап кетишкен. Бул окуя боюнча жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылып, укук коргоо кызматкерлери шектүү адамдарды кармашкан. Алардын бири жогоруда аталган милиция кызматкери болуп чыкты. Учурда кармалган адамдар Сокулук райондук убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, тергөө иши улантылып жаткандыгы кабарланды.