Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазовду камакка алуу чечимин чыгарды. Маалым болгондой, тергөө иштери аяктаганга чейин депутат УКМКнын СИЗОсунда 2 айга убактылуу кармалат. Ал 15-июлда СИЗОго 48 саатка киргизилген эле.
Айта кетсек, Коркмазов 15-июлда 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен Башкы прокуратура тарабынан кармалган. Депутат Жогорку Соттогу отурумда Нариман Түлеевдин акталышына жардам берүү үчүн экс-мэрдин туугандарынан 200 миң доллар талап кылган. Ага "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "пара талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголду.
Хажимурат Коркмазов 2010-жылы "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен парламентке депутат болуп шайланган, учурда "Реформа үчүн" депутаттык тобунун мүчөсү.