Орусияда кыргыз кызын ур-тепкиге алган "патриоттордун" бир нечеси кармалды

Орусияда кыргыз кызын ур-тепкиге алып, видеосун интернетке жарыялаган "патриоттордун" бир нечеси кармалды. Өздөрүн "патриот" деп эсептеген бул тайпанын Екатеринбургда 15ке жакын мүчөсү бар экени белгилүү болгонун 18-июлда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. 
Маалым болгондой, жакында ур-тепкиге алынган кыргыз кызы элчиликке кайрылган. Элчиликтин кызматкерлери КРнын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте окуя болгон жерге барышып, тиешелүү аракеттерди көрүшүүдө. 
Буга чейин Орусиянын укук коргоо органдары аларга Орусиянын мыйзамдарына ылайык "денеге атайлап оор зыян келтирүү", "адам уурдоо" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Эске салсак, "патриоттор" ур-тепкиге алган кыз тууралуу видеотасма интернет колдонуучулары тарабынан бир нече күн бою талкууланган. Анда кыргыз жигиттери жылаңачталган кызды суракка алып, анын аты-жөнүн, туулган жылын, ата-энесинин аттарын толук айттырышат. Андан соң балдардын "Эмнеге чет өлкөлүк жарандар менен көңүл ачып жүрөсүң? Же бул демократиябы? Кыргыздар жок бекен?" деп кызды урганы видеотасмага жазылган. Балдардын жүзү көрүнбөйт. Өз ара "бери тур, видеого түшүп калба" деп сүйлөшкөндөрү угулат. Видеотасмага кыздын "кечирип койгула, кайталанбайт" деп айтып жатканы тартылган. 
Ур-тепкиге алынган кыз буга чейин кыргыз жеринде жарандык никеде болгону, ошондой эле психикалык жактан жабыркагандыктан, каттоодо турганы белгилүү болгон. 
Ал 2014-жылы Орусиянын Екатеринбург шаарында жашап келген болсо, 2014-жылдын декабрь айынан бери кыздын туруктуу жашаган жери белгисиз экени маалымдалган. Кыргыз кызы Баткен облусунда 1996-жылы туулганы да айтылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (110)
aizat-95a
2015-07-19 14:13:42
Интернет булактарына кирсен эле кыргыздын кыздары мындай тигиндей деп дуйнодогу элдин баарына шерменде кылдынарго дагы кайсы акыбалынрга патриот болуп алдынар диндин коз карашы менен караганда да закон тарабынан караганда силер кылганына туура эмес аллахым эки дуйнодо жазалайт деп ойлойм сенинда эжен карындашы тороло элек болсо да кызын болот ал кызга жаратканым ыйман берип бул сыноодон отушуна жардам берсин
-3
Eli75
2015-07-19 14:15:24
Мен кечээ комментарий жаздым эле, таппадым? Таптым, смартфондон сайтка катталбай кирген учун окуй албадым окшойт.
-3
ayzyrek89
2015-07-19 14:55:52
Дагестан орус кыздар мн жургон балдарга боло берет экенда. Аларды Ким сабайт. Жогоруда бироо айткандай.айылга барып бир аппак кызды алышат анан.
0
nurchik05
2015-07-19 15:52:36
Жигиттердин кылган иши туура эмес бирок жаш кыздарыбыз ушинтип журсо жинин келет да
0
mishadjan
2015-07-19 15:55:57
мен мурун москавада иштегемин.аялым Бауманский метродо Копейка деген кафеде иштечу.ал кафе арзан кафе болчу.ишенсенер не русскийдин баары ошо кафеге баарышаар еле.карасан бир жакшына кыздар сигарет чегип.пиво ичип озбек.тажиктар менен ошо кафеде отурат болчу.бул емне кылганын .уят емеспи десен сенин ишин емне деген кыздар да болгон.мен патириоттордун кылганын бир есептен туура деп ойлойм.ата энелерге кайрылаарым кыздарынарды жалгыз эч жака чыгарбагыла.бул жакта акча оной менен табылбайт.
+4
mishadjan
2015-07-19 15:56:55
иштеген иши жок кыздар кыйналганда бузулуп кетип жатышат.
+4
Timur02
2015-07-19 16:12:40
Азерлер дагы только кыргыз кыздарын ишке алат алардагы билет кыргыз кыздары ойноку болот деп
+3
friendwipkg
2015-07-19 19:14:17
Ал кызды эмнеге урасыңар? Кыргыз элин дүйнөгө таанытып жүрсө.
+2
aydarken
2015-07-19 22:50:56
Эмне учун патриоттордун аттарын аталган эмес жазып койушса жакшы болмок?
-2
Kg_boy91.91
2015-07-20 03:39:35
Кимдер кармалгагын жазбаптыр, жон гана палитика го дейм
0
admin_portal
2015-07-20 10:54:10
dd-dd-dd - 5 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө тыюу салынат.
+1
Arzu.kg
2015-07-20 11:29:56
Эгер патриоттор чындап эле тарбия бере алса тарбиялашсын, баарынар угуп жатасынар, кандай гана уят создорду айтып жатышкандарын, киши чыдап аягына чейин уга да, коро да албайт (жеке бул эле видео эмес, жалпысынан) оздорун тарбиялашсын анан кыздарды. А так тажик,узбек мн журсо балдар эмес биздин каныбыз кайнап жатат го?
0
Memory
2015-07-20 13:15:41
Патриоттор жонундо жазсам алар чынында сабатсыз, тарбиясы жоктор экени билинип турат. Билеги кучтуу бирди жыгат, билими кучтуу минди жыгат дейт. Чын эле патриот болушса анда лекцияларды окуп, тартипке чакырган уюм тузуп алышпаймы, ХХХ ХХХ ХХХ... чын.
-4
admin_portal
2015-07-20 14:09:43
Memory - эскертүү!
Порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
+1
friendwipkg
2015-07-21 02:03:22
патриоттор манастын аялы ким болгонун билишпейт окшойт.
-1
saltanat.
2015-07-22 21:26:15
Жапайы, караңгы адамдар ушуга барышат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан