Бишкекте террорист деп атылгандардын бири "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов (Тоха) дешүүдө

Бишкекте террорист деп атылгандардын бири "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов (Тоха) экенин укук коргоо органдарындагы өздүк булак билдирди. Учурда анын жакындары сөөгүн алып кетүү үчүн УКМКнын алдында турушат. Ал эми кармалгандар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталган.
Маалым болгондой, алар 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн
Айта кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен жерде согушчандар менен атышуу болгон. Андан 4 жоокер жаракат алды. УКМК жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө 5 согушкер өлтүрүлүп, 4 согушкер кармалды. УКМК кармалгандардын саны 7 адамга жеткенин 17-июлда билдирген. 

Бишкекте террорист деп атылгандардын бири Тоха аттуу "кримтөбөл" Тариэл Жумагулов
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
Dadasdasd
2015-07-18 14:10:14
Туура чечим кабыл алуу керек. Динге эле антара бербей. Нарко или криминал ж б у с .
+1
Rifle
2015-07-19 09:27:54
Кечээ жазуула согунчандар (войны) деп аташкан эле, эми болсо террорист болуп калды, ИГИЛге эмне бар?
Биздин мамлекетте мусулмандар басымдуулук кылат, ИГИЛдин кызыкчылыгы жок бизге.
+1
Nusii
2015-07-18 14:19:02
Ойгон кыргызым! ''Ислам мамлекети'' тобунун коздогону, биз окшойбуз. Аларга биз кандай кучтуу экенибизди коргозуп коюшубуз керек!!
+1
Rifle
2015-07-19 09:29:26
ИГИЛге биз кучубузду корсото албайбыз. Биздин бийлик чанытып жатат, карапайым элди алдап. Бул жерде политикалык оюн бар.
+1
altyn_kyz
2015-07-18 14:23:12
Аллах колдоду,бизди,Айт намазда жардыруу тууралуу ойлору ишке ашкан жок.
+6
Edik_86
2015-07-18 14:26:07
менин ойумча булар ислам мамлекетинин терорчулары эмес чорныйлар болушу мункун ал эми орустардын базасы мал сарай эместа барып эле жардырып ийгидей кок баштар десе
+3
kojojaw
2015-07-18 15:45:58
Edik_86, терористер уйдун ичинен жардыратын заттарды таптыго.мындай сатквндарды жок кылыш керек..
-1
Wolf_ero
2015-07-18 14:31:12
Бул жерде кандайдыр бир сырдуу нерсе болуп атат,аны УКМК да башкасы да ачык айтпай жатат.Кантип эле кармалары менен кылмышкер айтып койсун жардыралы дегенбиз деп. . .
+1
Gema
2015-07-18 14:50:35
Wolf_ero, аяка тушкондон кийин айтпаган нерселерин айттырышат да озулорун методдору менен.
+3
kanu
2015-07-18 19:13:37
Wolf_ero, жакшылап угуп корсон сотрудниктер примерно деп айтып жатышат,алар айтты деп ачык айтпаган.
+1
basyz-kaman.
2015-07-18 14:57:35
Wolf_ero Бул жерде эч кандай сырдуу нерсе деле жок, бөйрөктөн шыйрак чыгарыштын эмне кереги бар. Улуттук коопсуздук кызматы анык террористер экендигин аныктап туруп анан Альфаны алып барат захватка. Террорчулар тирүү колго түшпөшкө аракет кылышат, ошондуктан көпчүлүк учурларда алардын өлүмү менен аяктайт операция.
+1
chupachups-89
2015-07-18 16:11:46
Жанагы Баткенде болгон согуш жонундо ошол кезде военный болуп, ошол операцияда катышкан кишинин маегин коруп калган элем. Атын жазып калбаптырмын. Ошол киши айткан эле, Баткендеги окуяда террористтер эмес эле наркотик ташыган кишилер болгон деп. Кандайдыр бир себептер менен кайра Тажикстан тарапка кире албай, эки ортодо калган деп. Кечээги окуянын сырдуу жерлери да коп. Ар бир террордук чабуулдан кийин ИГИЛ, Талибан же Аль-Каида тигил же бул ишти биз кылдык деп мойнуна алчу эле.Бул жерде тыптынч
0
basyz-kaman.
2015-07-18 17:02:58
chupachups-89, Террористердин ойлору ишке ашып бир жерди жардырышкандан кийин биз кылдык деп жарыялашмак. Бул жерде жарылууга жеткирбей алдын алып коопсуздук кызматы террористерди жок кылышты.
-2
chupachups-89
2015-07-18 16:16:33
Кытай жактан кирген террорист дегендердин иши да унутулуп кетти. 2010-жылы Ак уйдун устунон ок чыгарган снайперлер кармалган деген эле, алар жонундо эмнегедир эч ким унчукпайт. Бул окуя деле толук аягына чыкпай жабылса керек.
0
korul.alai001
2015-07-18 20:07:23
Бул Амрыканын кылганы, айт намазда жардырып орусянын базасындагы курал жарака кызыгышына караганда, эгер бары игиликту аяктаганда игилге тонкоп коюшмак да суудан курук чыгып кетмек
0
vanga_78
2015-07-18 21:14:17
Калп канчалык коркунучтуу болсо, ошончолук тез ишенишет.
0
Medina87
2015-07-19 00:03:10
ИГИЛдын бул жерде эч кандай катышы жок. Неге биздин УКМК ИГИЛды аралаштырып озубузго каршы коет? Эгер ИГИЛдын катышы болсо алар оной жоо эмес!!!
+1
karasuu
2015-07-19 04:39:51
озоктон чыкан от жаман озунон чыкан жат жаман болгон окшойт?! кантип оз жерин жардырганга журоктору барат...
+1
BARANESSA
2015-07-21 23:11:21
"Соокту жерге бериш керек.Ким кандай болбосун адам заты жерге шарты менен комулуу керек.Ага тууган ата эне,эл журту созсуз турдо узатууга акылуу" - эн туура айттыныз!!!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан