Бишкекте террорист деп атылгандардын айрымдары өлкөбүздүн жарандары болуп чыкты. Анын бири 1982-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган "кримтөбөл"
Тариэл Жумагулов (Тоха) болсо, экинчиси - 1978-жылы Нарын шаарында туулган
Канатбек Усубалиев. Ошондой эле каза болгондордун ичинен дагы 3-4 адам Кыргыз Республикасынын жарандары, бирок булардын аттары азырынча тактала элек.
Бүгүн алардын жакын туугандары УКМКнын алдына чогулуп, сөөктөрүн берүүнү талап кылышты. УКМК жетекчилиги жумуш ордунда болбогондуктан, өлгөндөрдүн сөөктөрү берилген жок. Эми чогулгандар 20-июлда келишмекчи.