Бишкектен барган "Азия Микс" КВН командасы 18-июлда Орусиянын Светлогорск шаарында өткөн "Голосящий КиВин-2015" музыкалык фестивалында жеңишке жетти. "Азия Микс" бир жылда бир өтчү бул фестивалда 3-орунга ("Большой в тёмном") сыйлыгына татыктуу болду. Бул тууралуу "Азия Микстин" оюнчулары социалдык түйүндөгү баракчаларына жарыялашты.
Жыйынтык:
1-орун - ("Большой в золотом") - "Парапапарам" (МГИМО) командасы, Москва.
2-орун - ("Большой в свeтлом") - "Спарта" командасы, Астана.
3-орун - ("Большой в тёмном") - "Азия Микс" командасы, Бишкек.
4-орун - ("Малый в золотом") - "Союз" командасы, Тюмень облусу.
5-орун - ("Малый в свeтлом") - Астрахань облусунун КВН боюнча курамасы.
6-орун - ("Малый в тёмном") - "Триод жана Диод", Смоленск.
Президенттик (янтарный) - Калининград облусунун оюнчуларына берилди.
"Голосящий КиВин" - шайырлар жана тапкычтар ортосунда жыл сайын өтүүчү фестиваль. 2014-жылга чейин Юрмалада (Латвия) өтүп келген. Бул жылы Орусиянын Светлогорск шаарында өттү. Бул сынактын башка КВНдерден айырмасы командалар сахнага бир гана жолку чыгышында музыкалык өнөрүн көрсөтөт жана калыстар тобунун, ошондой эле Александр Масляковдун атайын сыйлыгын алышат.