Баткен облусундагы Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, 0,8 гектар күрүч талаасын жараксыз кылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 17-июль күнү саат 15:00 чамасында күндүн ысышынан Сох дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, анын кесепетинен суунун нугу оң тарапка бурулуп, дарыянын жээгиндеги 0,8 гектар күрүч талаасын жана 2011-жылы орнотулган габиондук торчолордун болжол менен 120 даанасын суу жууп кеткен. Ошондой эле 1 гектар талаага коркунуч пайда болгон. 2011-жылы курулган дамба болбогондо ички чарбалык көпүрө жана эгин талаалары жараксыз абалга келмек.