Ак-Буура-Араван каналына агып кеткен аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 19-июль күнү саат 02:25 чамасында Араван-Ак-Буура каналына 1978-жылы туулган Жазгүл Алдашова агып кеткен.
Издөө иштерин Ош шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары жүргүзүшүп, натыйжада Араван районунун Кең-Сай конушунун жанынан агып өткөн каналдан Жазгүл Алдашованын жансыз денеси табылган. Ал Араван райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.