Сузак районунда мас абалында сууга агып кеткен жаран изделүүдө

Сузак районунда мас абалында сууга агып кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, бүгүн саат 00:40 чамасында Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында суу агып өтүүчү плотинага Октябрь айылынын тургуну, 1967-жылы туулган жаран мас абалында түшүп, дайынсыз жоголгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан