"Манас" аэропортунан бүгүн, 20-июлда Жогорку Кеңештин мурунку депутаты К.М.К. (ред. Максат Кунакунов) кармалды. УКМКнын билдиришинче, экс-депутаттын Бишкекте 16-июлда кармалган террористтер менен түздөн-түз байланышы бардыгы аныкталды.
Маалыматка таянсак, аталган экс-депутат Бишкектеги атышууда каза тапкан Тариэл Жумагуловго (каймана аты - Тоха) акча берип, террордук топту курал менен камсыздаган. Мындан тышкары Т.Жумагуловдун тобу бир катар каржы мекемелерине кол салып, алардан алынчу акчаларды өлкөдө баш аламандык чыгарууга, террордук иштерди уюштурууга жумшоо планы болгону айтылды.
"Бишкекте атайын операция учурунда жок кылынган "Ислам мамлекети" эл аралык террористтик уюмунун алдындагы согушчандар кармалган жаран (экс-депутат) менен тыгыз байланышта болгону белгилүү болду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп билдирет мекеме.
Эскерте кетсек, Максат Кунакунов убагында "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Ал бүгүн өлкөдөн сырткары учканы жатканда кармалды.