Сузак районунда мас абалында сууга түшүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 00:40 чамасында Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында суу агып өтүүчү плотинага Октябрь айылынын тургуну, 1967-жылы туулган Ормош Осмонбаев мас абалында түшүп, дайынсыз жоголгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, издөө иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада анын жансыз денеси плотинадан 3 чакырым төмөн жерден табылып, райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.