Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 24 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 6, Ош облусунда 2, Ош шаарында 3, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1 өрт болгон.
Ош шаарында азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыгып, 2 муздаткыч, 2 кондиционер жана товарлар күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.