ЖКнын Тармактык комитетинин көчмө жыйыны Баткен облусунда өттү

ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети менен Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин биргелешкен көчмө жыйыны 26-февралда Баткен облусунда өттү. Көчмө жыйында январь айындагы «Чарбак» чек ара бекетиндеги жана Сох анклавында түзүлгөн кырдаал боюнча Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомдун аткарылышы тууралуу маселе каралды. Анда Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов, Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева, Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Нурлан Баяман, КРнын Курулуш жана аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери маалымат беришти. Ошондой эле Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандыруу, айланып өтүүчү жолдордун курулушу боюнча жасалып жаткан иштер талкууланды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан