Алдын ала түшкөн оперативдүү маалыматтардын негизинде Ош шаарында милиция кызматкерлери тарабынан Тойота Харриер унаасы токтотулган. Оштон Бишкекке багыт алган унаанын айдоочусу Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну М.Уга тиешелүү болгон.
Тинтүү учурунда электрошокер, мергенчилик бычак жана 1 килограмм 990 грамм сымапка окшош зат алынган. Кармалган жаран сымапты Баткен облусунун жашоочусунан алып, Бишкек шаарына сатканы бара жатканын билдирген.
Факты боюнча "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды же прекурсорлорду өндүрүүнүн жана мыйзамдуу жүгүртүүнүн белгиленген эрежелерин бузуу" беренеси менен кылмыш иши козголду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы 20-июлда билдирди.