Орусиянын Сахалин аралында деңиз мышыгы балыкчылардын кайыгында тамак-аш жок болсо да, 8 саат кеткиси келбей жүргөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Балыкчы Андрей Пермяковдун айтымында, алар деңиз мышыгынын мындай кылык-жоругун биринчи жолу көрүшкөн.
“Достор болуп адатынча деңизге чыкканбыз. Бир маалда жаныбардын үнү угулду. Карасак, кайыгыбыздын аркы четине деңиз мышыгы чыгып алыптыр. Аны качырып эптеп кутулсак, кайра чыгып алат. Ошентип бир нече жолу кайталанган соң жайына койдук.
Буга чейин деңиз жандыктары биздин жаныбызга отурмак түгүл, кайыктын жанынан араң сүзүп өтүшчү. Ачкабы десек, бизде тамак-аш деле жок болчу.
Ошентип, биргеликте өткөргөн сапарыбыз 8 саатка уланды. Качан биз жээкке келгенде, жаныбар кайра сууга кирип кетти”,- дейт балыкчы.