КРнын Маданият жана туризм министринин милдетин аткаруучу болуп Кожогелди Кулуев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка 26-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Айта кетсек, аталган министрликти жетектеген Ибрагим Жунусов 26-февралда президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган. Ал эми Кожогелди Кулуев буга чейин Маданият жана туризм министринин орун басары болуп иштеп келген.