Бишкекте ишкерди ур-токмокко алып, 5 миң доллар талап кылгандар кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдын июнь айында Ички иштер министрлигине ишкер кайрылган. Анда аны белгисиз адамдар компьютер сатып алуу үчүн Түштүк магистралы жакка чакырышканын айткан. Ал жакта алар өздөрүн "УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын өкүлдөрүбүз" деп тааныштырышып, 5 миң доллар талап кылышкан. Андан соң ур-токмокко алышкан. Мындан улам ишкер акча алып келүү шылтоосу менен качып кеткен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, 4 адам кармалган. Алардын үчөө эч жерде иштебейт, ал эми бири Бишкек шаардык салык кызматынын кызматкери. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.