Чүй облусунун Новопокровка айылынын тургунунан 1 килограммдан ашык маңзат алынды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан Н.Б. аттуу пенсионердин үйү текшерүүгө алынган. Анын негизинде үйүнөн 1 килограмм 381 грамм марихуана табылган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.