2010-жылкы Июнь окуясына күнөөлөнүп издөөдө жүргөн жаран кармалды

2010-жылкы Июнь окуясына тиешеси бар делинип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Жалал-Абад ОИИБинин билдиришинче, кармалган жаран 2010-жылдын 13-июнунда Ош-Бишкек жолунда Базар-Коргон айылындагы көпүрөнүн үстүндө 450-500дөй адамга кошулуп ок атуучу куралдар, темир таяк жана бычактар менен куралданып, улуттар аралык жаңжал чыгаруу максатында Базар-Коргондун мал базарынан келе жатышкан эки жаранды токтотушуп, колдоруна бир нече жолу бычак сайып, экинчисинин башына таяк менен чаап кыйнаган.

Окуя учурунда жабырлануучулар кылмышка шектүүнү таанып калышкан.

"Аталган факт боюнча 2011-жылы Базар-Коргон райондук прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.

Базар-Коргон райондук соту 2011-жылдын 15-июнунда Базар-Коргон айылынын 1977-жылы туулган А.Л. аттуу тургунун камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыяланган. Буга чейин бул жарандын Орусия аймагында жашырынып жүргөнү тууралуу маалыматтар болгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында 2015-жылдын 18-июлунда издөөдө жүргөн Базар-Коргон айылынын тургуну А.Л. кармалып, Базар-Коргон РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди",- деп билдирет ОИИБ.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
Eraly___
2015-07-20 21:40:18
Турмодо ХХХ
+8
Eraly___
2015-07-20 21:41:37
ХХХ ХХХ точно
+3
kama_future_millioner
2015-07-20 22:07:42
Кармадык кармадык дейсиңер же бир найтыжа чыгара албайсыңар,ооз көптүрө сүйлөгөндү эле жакшы көрөбүз.
+3
Takai
2015-07-20 23:32:53
Kim ekenin el jakshy bilet. Aty chykpasa dele al kankor. Men any bilem. Al, alby al degen kankor. Myna, boldubu? Oluk seni uktatpai. Kimin bolson da.
+2
nurchik05
2015-07-20 23:46:38
Турмодо ХХХ ХХХ ХХХ эми
+6
Gema
2015-07-21 01:26:14
Атын мумкун кайра козгобош учун айтпай атышкандыр...!
0
Decmond
2015-07-21 01:53:37
ХХХ ХХХ ХХХ!!!
+1
Santana
2015-07-21 02:24:44
Кармалганынан бошонгону бат болот эми
+1
Medina87
2015-07-21 06:25:55
Кан жибербейт деген ушу! Жазасын алсын!
0
Aman97kg
2015-07-21 09:33:31
Бул канкордун атыны чыгарбаса майичилер неге иштеп журот ошо маичилерди иштен айдаш керек
0
EdikoKG
2015-07-21 09:45:14
Кадыржан Батыровго качан колунар жетип,кармайсынар?
+2
Euro
2015-07-21 09:57:29
13-июнда чыгыптыр бул кезде баары эле кочодо болсо керек эле
0
admin_portal
2015-07-21 10:00:08
Decmond, nurchik05, Eraly___ - эскертүү!
Түшүнүксүз, этика нормаларына туура келбеген, провокация жарата турган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
chomly88
2015-07-21 15:30:22
Бкл дагы бир мыкаачы [moderated] да не кызыгасынар, кыргызда "Л"тамгасынан башталган ат же фамиля жок.
+1
nur_2010
2015-07-21 19:57:17
биздин ОИИБ кучу жеткедерди кармашатда эми.Бакиевдерге жетпей эле койдуго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан