Ысык-Ата районунда 67 жаштагы тургун 18 килограммдан ашык кара куурай менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери тарабынан аталган райондун 67 жаштагы тургунунун үйү текшерүүгө алынган. Анын негизинде үй ээси короосунда кара куурайды атайын өстүрүп жатканы белгилүү болгон. Жалпы салмагы 18 килограмм 440 граммды түзгөн. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.