Кара-Суу районунун Карагур айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, сел калдыктары унаа жолду тосуп калды

Кечээ, 20-июль күнү саат 17:30 чамасында Кара-Суу районунун Карагур айылында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, сел калдыктары унаа жолду тосуп калган. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 4 үйгө сел суулары кирип, 4 зым карагайдын электр чубалгылары үзүлгөн. Мындан улам учурда аталган айылда электр жарыгы жок. Ал эми унаа жолду тосуп калган сел калдыктарын тазалоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан