Бишкектеги атышууда кармалгандардын жана өлтүрүлгөндөрдүн айрымдарынын аты-жөнү такталды. Бул тууралуу кечээ, 20-июлда 24.kg атайын кызматтарга шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалыматка караганда, атышуудан кийин Алтынбек Итибаев, Эркинбек Кадыров, Мирслан Бекмамат уулу, Адиманас Курбанбаев кармалган. Алардын баары Кыргыз Республикасынын жарандары. Калгандарынын аты-жөнү тактала элек. Ал эми буга чейин каза тапкандардын үчөөсүнүн аты-жөнү белгилүү болгон. Алар: Тариэл Жумагулов (каймана аты - Тоха), 1988-жылы туулган казак жараны Жанболот Амиров жана Канатбек Усубалиев.
Айта кетсек, 16-июлда Бишкектин Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен жерде куралчан согушчандар менен атышуу болгон. Андан "Альфа" атайын кызматынын 4 жоокери жаракат алып, согушчандардын бешөө өлтүрүлгөн. Ал эми 7 адам кармалган. Алар "Ислам мамлекети" тобунун мүчөлөрү экендиги жана алардын башында казакстандык кылмышкер Жанболот Амиров турганы аныкталган. Кылмыштуу топ 17-июль - Орозо айт күнү эл көп топтолгон жерлерде жана Кант шаарындагы Орусиянын аскердик базасында жардыруу уюштурууну пландашкан. Аскердик базаны жардырып, андагы куралдарды алууну көздөшкөн.