Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 28 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 10, Чүй облусунда 9, Жалал-Абад облусунда 3, Ош облусунда 3, Талас облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 өрт болгон.
Бишкектеги Жал кичи районунда “Аалам Строй” курулуш компаниясына караштуу көп кабаттуу үйлөрдү салуучу крандын ички салону толугу менен күйгөн. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.