Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевдин Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевдин жакындарынан пара талап кылуу окуясына катыштыгы бардыгы аныктала элек. Башкы прокуратурадан бүгүн, 21-июлда SUPER.KG порталына билдиришкендей, учурда депутат Хажимурат Коркмазовдун пара менен кармалышына карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө жүрүүдө. "Нарымбаевдин суракка алынган же алынбаганын айта албайбыз. Ага кылмыш иши ачылган эмес, азыркы учурда депутат Коркмазовдун иши тергелүүдө",- деп билдиришти Башкы прокуратурадан.
Эскерте кетсек, 15-июлда Жогорку Кеңештин депутаты Хажимурат Коркмазов 100 миң доллар пара менен кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин
билдирген. Мындан кийин Нарымбаев "бул ишке тиешем жок" деп билдирүү жасоо менен кызматтан бошотууну суранып президентке кайрылып, президенттин жарлыгы менен 20-июлда кызматтан бошотулду. Депутат Коркмазов учурда СИЗОдо.
Нарымбаевдин бул коррупциялык ишке катыштыгы бардыгын Нариман Түлеевдин кызы
Назгүл Түлеева да
жарыялады. Экс-мэрдин кызы бул иштин башкы фигуранты Данияр Нарымбаев экенин, Коркмазов ортомчулук кызматты аткарганын айтууда.