Бүгүн, 21-июлда Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында мекеменин биринчи жарым жылдыкта аткарган иштери талкууланды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Анда министр мектептеги билим берүүнүн сапатын жакшыртууга чейин мугалимдердин көйгөйүн чечүү зарылдыгын белгиледи.
"Мектептеги билим берүүнү жакшыртуу жаатында аткарыла турган көп иштер бар. Ага чейин мугалимдердин эмгек акысына байланыштуу маселени чечишибиз керек. Министрликтин алдындагы биринчи көйгөй айлык акыны көтөрүү болчу, биз аны ишке ашырдык. Мугалимдик кесиптин стандарттары министрлик тарабынан иштелип чыккан. Ал карьералык тепкичте көтөрүлүү менен бирге эмгек акынын жогорулашын шарттайт",- деди Сариева.
Коллегияда окуу куралдары, жаңы стандарттар жана башка маселелер талкууланды. Жыйынтыгында Билим берүү жана илим министрлигинин жарым жылдыкта аткарылган иштери канааттандырарлык деп табылды.