Ак-Суу районунда 45 жаштагы тургунду мууздап өлтүрүп, ички органдарын кескилеген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 16-июль күнү болгон. Анда 1970-жылы туулган Асанбай Малабеков мас абалында 1992-жылы туулган Э.Руслан аттуу баланы бетке чаап, бычак менен колго сайган. Ага ачуусу келген Э.Руслан айнек бөтөлкө менен Асанбай Малабековду башка чаап, бычак менен мууздап салган. Андан соң ички органдарын кескилеп, сыртка алып чыгып, окуя болгон жерден качып кеткен.
Айта кетсек, 1992-жылы туулган Э.Руслан буга чейин акыл-эсинен жабыркап келген.