"We`ll Be" бий тобу АКШда өтчү Дүйнө чемпиондугуна катышуу үчүн каражат издөөдө. Бул тууралуу топтун мүчөсү Эрмек Керимбаев билдирди. Анын айтымында, бий тобу АКШнын Калифорния штатынын Сан-Диего шаарында өтө турган XIV заманбап бийлер боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунан өткөн.
“Учурда сынакка катышуу үчүн акча чогултуудабыз. Жалпысынан бизге 30 миң АКШ доллары талап кылынат. Анын 10 миң долларын таптык. Сынак 1-9-август күндөрү өтөт. Жеңүүчүлөр чемпион титулуна ээ болуп, 5 миң доллар сыйлык алышат, бирок бул башкысы эмес. Ар бир бийчи үчүн сынакта жеңүү - эң чоң байге, анткени аталган титул дүйнөлүк хип-хоп аренасына чыгууга жардам берет”,- деди Керимбаев.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы бийчилер Лас-Вегаста өткөн ушул эле сынактын жарым финалына чейин жетишкен. Анда бийчилерди негизги демөөрчү катары Бишкек мэриясы жана Ленин районунун акимчилиги каржылаган.